Kyrgyz

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Гидрометеорология кызматы

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАР МИНИСТРЛИГИ

ГИДРОМЕТЕОРОЛОГИЯЛЫК КЫЗМАТЫ

ГИДРОМЕТЕОРОЛОГИЯЛЫК БАЙКООЛОР, БОЛЖОЛДООЛОР ЖАНА

МААЛЫМАТ МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛУУ БАШКАРМАЛЫГЫ

 

 

БЮЛЛЕТЕНЬ

 

 № 2

Кыргыз Республикасынын аймагында 2023-жылдын февраль айында күтүлгөн абанын температурасынын жана жаан-чачындын көлөмүнүн аномалиясынын болжолдоосу

Бишкек 2023

 

Кыргыз Республикасынын аймагында 2023-жылдын февраль айында күтүлгөн абанын температурасынын жана жаан-чачындын көлөмүнүн аномалиясынын болжолдоосу

Абанын айлык орточо температурасы Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында климаттык нормадан 1…1,5° жогору болушу, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда климаттык норманын чегинде болушу күтүлөт.  Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт.

 

ЧҮЙ ОБЛУСУНУН ДЫЙКАНЧЫЛЫК АЙМАКТАРЫНДА

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 0…-2° суук, Чүй өрөөнүнүн түндүгүндө -2…-4°, тоо этектеринде жана Кемин өрөөнүндө -4…-6° суук болушу күтүлөт. 

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -9…-14° сууктан 0…-5° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт, күндүз 0…5° жылуулуктан 8…13° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт, кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -8…-13°, күндүз -1…-6 суукка чейин төмөндөшү мүмкүн.

Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн -11…    -16° сууктан -2…-7° суукка чейин, күндүз -3° суук …+2° жылуулуктан 3…8° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. 

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (Чүй өрөөнүндө 29-35 мм, тоо этектеринде 18-29 мм). **

 

ТАЛАС ОБЛУСУНУН ДЫЙКАНЧЫЛЫК АЙМАКТАРЫНДА

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -2…-4° суук болушу күтүлөт. 

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -10…-15° сууктан -1…-6° суукка чейин, күндүз    -1° суук …+4° жылуулуктан 7…12° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.  Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (21-23 мм).

 

ОШ ОБЛУСУНУН ДЫЙКАНЧЫЛЫК АЙМАКТАРЫНДА

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5° жогору болуп, 0…2° жылуу, тоо этектериндеги райондордо 0…-2° суук болушу күтүлөт. 

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6° сууктан 0…5° жылуулукка  чейин, күндүз 1…6°  жылуулуктан 9…14° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -6…-11° суук            -4° сууктан …+1 жылуулукка чейин, күндүз -2° суук …+3° жылуулуктан 8…13° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. 

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (өрөөндөрдө 43-67 мм, тоо этектериндеги райондордо 31-37 мм).

 

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУНУН ДЫЙКАНЧЫЛЫК АЙМАКТАРЫНДА

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5° жогору болуп, 0…2° жылуу, тоо этектериндеги райондордо 0…-2° суук болушу күтүлөт. 

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6° сууктан 0…5° жылуулукка  чейин, күндүз 1…6°  жылуулуктан 9…14° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -6…-11° суук            -4° сууктан …+1 жылуулукка чейин, күндүз -2° суук …+3° жылуулуктан 8…13° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. 

Токтогул районунда ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -6…-11° сууктан -4° суук…+1° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу, күндүз 1…6° жылуулуктун тегерегинде болушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (өрөөндөрдө 54-56 мм, тоо этектериндеги райондордо 59-93 мм, Токтогул районунда 28-30 мм).

 

 БАТКЕН ОБЛУСУНУН ДЫЙКАНЧЫЛЫК АЙМАКТАРЫНДА

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5° жогору болуп, 0…2° жылуу, тоо этектериндеги райондордо 0…-2° суук болушу күтүлөт. 

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -1…-6° сууктан 0…5° жылуулукка  чейин, күндүз 1…6°  жылуулуктан 9…14° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -6…-11° суук   -4° сууктан …+1 жылуулукка чейин, күндүз -2° суук …+3° жылуулуктан 8…13° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. 

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (өрөөндөрдө 16-18 мм, тоо этектериндеги райондордо 39-41 мм).

 

ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНУН ДЫЙКАНЧЫЛЫК АЙМАКТАРЫНДА

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -1…-3° суук, чыгышында -4…-6° суук болушу күтүлөт. 

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -3…-8° сууктун тегерегинде болушу күтүлөт,  чыгышында кээ бир түндөрү -11…-16° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз абанын температурасы -4° суук…+1° жылуулуктан 2…7° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. 

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (2-12 мм, чыгышында 18-21 мм).

 

НАРЫН ОБЛУСУНУН ДЫЙКАНЧЫЛЫК АЙМАКТАРЫНДА

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -10…-12° суук, Кочкор районунда -5…-7° суук болушу күтүлөт. 

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн  -15…-20° сууктан -5…-10° суукка чейин, кээ бир түндөрү -21…-26° суукка чейин, Ат-Башы районунда -27…-32° суука чейин төмөндөшү мүмкүн. Күндүз абанын температурасы -7…-12° суук  -3° сууктан …+2° жылуулукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. 

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (2-14 мм).

 

ЖАЙЫТТАР ЗОНАСЫ

АЛАЙ ӨРӨӨНҮ 

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -12…-14° суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -20…-25° сууктан -10…-15° суукка чейин өзгөрүлүп турушу, күндүз -8…-13° сууктан -2…-7° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. 

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (19-21 мм).

 

ЧАТКАЛ ӨРӨӨНҮ 

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -11…-13° суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -17…-22° сууктан -7…-12° суукка чейин, кээ бир түндөрү -24…-29° суукка чейин, күндүз -6…-11° сууктан 0…-5° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. 

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (36-38 мм).

 

СУУСАМЫР ӨРӨӨНҮ

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, -18…-20° суук болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн -21…-26° сууктан -12…-17° суукка чейин, күндүз -9…-14° сууктан -2…-7° суукка чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт. Кээ бир күндөрү абанын температурасы түнкүсүн -31…-36° суукка чейин, күндүз -16…-21° суукка чейин төмөндөшү мүмкүн.  

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (16-18 мм).

 

 

* - кашаалардын ичинде жаан-чачындын айлык нормасы берилди

 

Эскертүү: ай ичинде абанын температурасынын жана жаан-чачындын болжолдоосу аба ырайынын күн сайын 24-120 саатка түзүлгөн болжолдоосу жана 144-168 саатка түзүлгөн алдын ала болжолдоолору менен такталат.

Массалык маалымат каражаттарында абанын температурасынын жана жаан-чачындын айлык божомолдусун ката айтууга жана сабатсыз түшүндүрмөлөрдү берүүгө жол берилбейт. Маалыматтарды пайдаланууда массалык маалымат каражаттары Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча кызматынын маалыматтарына таянууга милдеттүү.

 

Кыргыз Республикасында 2023-жылдын февраль айында күтүлгөн аба температурасынын жана жаан-чачындын көлөмүнүн аномалиясынын болжолдоосу Кыргызгидрометтин метеорологиялык болжолдоолор бөлүмүндө даярдалды.

 

Башкы редактор – Кыргызгидрометтин директору Н.З.Мурзабеков. Редактору-Гидрометеорологиялык байкоолор, болжолдоолор жана маалымат менен камсыз кылуу башкармалыгынын начальниги Т.Г.Черникова.

Чыгарылган бюллетень боюнча баардык суроолор боюнча КР ӨКМнин алдындагы Гидрометеорология боюнча кызматынын Гидрометеорологиялык байкоолор, болжолдоолор жана маалымат менен камсыз кылуу башкармалыгына  кайрылыңыздар. Дареги: 720017 Бишкек ш., Керимбеков (Карасуйская) көчөсү,1, тел: 31-46-88. www.meteo.kg.