3-мартта эртең менен Талас, Бишкек шаарларында туман түшүп көрүү аралыгы 500 м чейин төмөндөдү.
2-мартта күндүз Базар-Коргон районунда бир аз кар катталды (0,0 мм), калган аймактарда жаан-чачын катталган жок. Абанын жогорку температурасы Чүй Талас облустарынын өрөөндөрүндө 11…16°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 12…17°, Ысык-Көл ойдуңунда 6…9°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 1…4°, Кочкор районунда 10° жылуу болду.
3-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Нарын обустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катталды (0,0-4,0 мм), Баткен, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын катталган жок. Абанын төмөнкү температурасы Чүй өрөөнүндө -1° сууктан…+2° жылуулукка чейин, Талас өрөөнүндө -1…-2° суук, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 3…7° жылуу, Ысык-Көл ойдуңунда -1…-3°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында -7…-11°, Кочкор районунда -2° суук болду.
Бишкек шаарында 2-мартта абанын суткалык орточо температурасы климаттык нормадан 7,4° жогору болду. 2-мартта абанын күндүзгү жогорку температурасы 15° жылуу, 2-мартта түнкү төмөнкү температурасы 0° болду.
|